
Жумагулов Мааметайып (1949),
философия илимдеринин доктору (1994), профессор (1997)
Кыргыз. Нарын облусунун Ак-Тал районунун Кара-Бурген айылында туулган. Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтун (1969) жана КГУнун аспирантурасын (1976) аяктаган.
ПГПИде мугалим, кичи, улук, жетекчи илимий кызматкер, ИФиП НАН КРнын бөлүм башчысы, КГПУнун профессору, 2001-жылдан тартып кафедра башчысы, КГУСТАнын профессору болуп иштеген. Билим алуу жана диалектика теориясы боюнча адис.
Эл аралык коомдук Айтматов академиясынын академиги (1998).
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган (2000). 70тен ашык илимий эмгектери, анын ичинде 7 монография жана 3 окуу куралы жарыяланган.
Негизги эмгектери:
1. “Байланыш” түшүнүгү. Бишкек, «Илим», 1991.
2. Коом менен табияттын өз ара байланышындагы себеп-натыйжа байланышы (автордук). Фрунзе, «Илим», 1986.
3. Табигый жана жасалма табигый илимдерде (автордук). Бишкек, «Илим», 1991.
4. Адам менен табигый чөйрөнүн өз ара аракеттешүүсү: диалектикалык анализ. Бишкек, «Илим», 1996.
5. Экологиялык кырдаал философиялык анализдын объектиси катары. Бишкек, «Илим», 2001.