Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Иванов Константин Иванович

Иванов Константин Иванович

Иванов Константин Иванович

Иванов Константин Иванович (1912),


техникалык илимдердин доктору (1969), профессор (1974), СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты

Орус. Новосибирск облусунда туулган. Москвадагы түстүү металлдар жана алтын институтун (1939) аяктаган.

Норильск, Ленинград, Москва шаарларында иштеген, ФПИде профессор, 1993-жылдан тартып - КГ-МИде профессор.

Таш кендерин буроо машиналары боюнча адис. ИА КРдин ардактуу академиги.

Эмгек Кызыл Туу ордени жана «Ардак Белги» ордени менен сыйланган.

РСФСРдин эмгек сиңирген ойлоп табуучусу. 200дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 4 монография, 14 автордук күбөлүк жарыяланган.

Анын жетекчилиги астында 1 докторлук жана 6 кандидаттык диссертация корголгон.

Негизги эмгектери:

1. Кендерди иштетүүдө буроо техникасы (авторлоштук менен), Москва, «Недра», 1974.
2. Өзүн-өзү жүрүүчү шахталык жабдуулар менен шпурлар жана скважиндерди буроо (авторлоштук менен), Москва, «Недра», 1974.
3. Оксиликвиты (авторлоштук менен). Москва, «Недра», 1958.
4. Жер астында руда алуу учурунда шпурлар жана скважиндерди буроо. (окуу китеби, авторлоштук менен). Москва, «Недра», 1963.
9-07-2018, 13:20
Вернуться назад