
Идинов Кубанычбек (1949),
экономикалык илимдердин доктору (1993)
Кыргыз. Жогорку Нарын облусунун Жацы-Арык айылында туулган.
КГУнун (1970), Россиянын Башкаруу Академиясынын (1988), КГНУнун юриспруденция боюнча магистратурасын (2000) аяктаган.
В/ч САВОдо взводдун командири, финансы бөлүмүнүн начальниги, м.н.с., с.н.с. ИЭ, Кыргыз ССРинин АН Комсомол комитетинин катчысы, инструктор, сектордун башчысы, бөлүмдүн орун басары, Кыргызстандын КПнын ЦКсынын инспектору, Ысык-Көл райондук аткаруу комитетинин жана райондук кеңешинин төрагасы, Нарын облустук кеңешинин орун басары, КР Жогорку Кеңешинин Туруктуу комиссиясынын, КРнын Счет палатасынын, КРнын Бюджет жана финансылык комитетинин төрагасы, 2001-жылдан тартып - КРСУнун профессору, К-ТУ «Манас».
Агроэкономика, эл аралык экономика, саясат таануу жана коммерциялык укук тармагында адис.
80ден ашык илимий эмгектери, анын ичинде 8 монография жана 2 окуу китеби жарык көргөн.
Негизги эмгектери:
1. Кыргызстандын АПКсын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жолдору (авторлордун бирикмеси). Фрунзе, «Кыргызстан», 1987.
2. Кыргызстан эл аралык экономикалык мамилелер системасында. Окуу куралы. Бишкек, «Кыргызстан», 1997.
3. Дыйкан чарбаларынын кооперациясы - айыл чарбасын өнүктүрүүнүн жана агрардык реформанын эффективдүүлүгүн жогорулатуунун мыйзам ченемдүү процесси (авторлордун бирикмеси). Бишкек, 2000.
4. Сырттан келген экономикалык жардамдын Кыргызстан экономикасына таасири (авторлордун бирикмеси). Бишкек, “Наука и образование”, 2001.
5. Трансформацияланып жаткан экономика шартында агробизнестин түзүлүшү жана өнүгүшү. Бишкек, “Наука и образование”, 2002.