
Иманалиев Мусалы (1922),
экономикалык илимдердин доктору, профессор
Кыргыз. Чүй облусунун Аламудун районунун Беш-Кунгей айылында төрөлгөн.
Киргоспединститутту (1940), Москвадагы эл чарбасы институтун (1949), Кыргыз ССР ИЭ аспирантурасын (1960) аяктаган. «Акыркы кабарлар» радиокомитетинин жооптуу катчысы, Госпланда улук экономист, Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин соода министрлигинде экономист, илимий кызматкер, сектордун жетекчиси, 1986-жылдан тартып - Кыргыз ССР ИЭнин башкы илимий кызматкери болуп иштеген.
Улуу Ата Мекендик согуштун ордени, СССРдин медалдары менен сыйланган.
Негизги эмгектери:
1. Кыргызстандын эт-сүт өнөр жайын өнүктүрүү. Фрунзе, «Кыргызстан», 1961.
2. Негизги фонддор жана өндүрүштүн өсүшүнүн резервдери. Фрунзе, «Илим», 1966.
3. Кыргызстандын энергетикалык ресурстары. Фрунзе, «Кыргызстан», 1970.
4. Орус-кыргыз терминдер сөздүгү. Фрунзе, «Илим», 1973.
5. Кыргызстандын энергетикалык ресурстарын пайдалануу маселеси. Фрунзе, «Илим», 1986.