
Иманкулов Джукун Раимкулович (1930),
өнөр таануу доктору (1990)
Кыргыз. Кемин районунун Кичи-Кемин айылында туулган.
Ташкент мамлекеттик искусств институтун (1955) жана СССР Илимдер академиясынын аспирантурасын (1961) аяктаган. Республикадагы Элдик чыгармачылык үйүнүн директору, Ысык-Көл драма театрынын башкы режиссёру, Кыргыз театралдык коомунун Актерлер үйүнүн төрагасынын орун басары жана директору, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын илимий кызматкери, ОГПИ кафедрасынын башчысы, Б.Бейшеналиева атындагы КГИИ доценти болуп иштеген.
Театр таануу боюнча адис.
100дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 10 китеби жарык көргөн.
Негизги эмгектери:
1. Муратбек Рыскулов - СССРдин эл артисти. Фрунзе, «Кыргызстан», 1968.
2. Биздин Муратбек. Фрунзе, «Кыргызстан», 1977.