
Иманов Акеш (1931),
филология боюнча доктор (1995), профессор (1992)
Кыргыз. Ак-Дебе айылында, Жети-Огуз районунда, Ысык-Көл облусунда төрөлгөн.
КГУнун (1952) жана аспирантурасын (1962) аяктаган.
Мугалим, мектептин директору, окутуучу, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы болуп иштеген, 1992-жылдан тартып Ысык-Көл мамлекеттик университетинин профессору.
Кыргыз тилинин синтаксиси боюнча адис.
«Эмгек ардагери» медалы менен (1986), Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак Грамотасы менен (1991) сыйланган.
110дан ашык илимий эмгектери жарыяланган.
Негизги эмгектери:
1. Кыргыз тили (филология факультетинин сырттан окуучулары үчүн). Фрунзе, «Мектеп», 1990.
2. Кыргыз тили, 11 белум, синтаксис (педагогикалык окуу жайлар үчүн). Бишкек, «Мектеп», 1988.
3. Кыргыз тилинин женекей сүйлөмдөрүндөгү сөздөрдүн орун тартиби. Бишкек, «Мектеп», 1976.
4. Кыргыз тилинин синтаксиси (жогорку окуу жайларынын филология факультетинин студенттери үчүн). Бишкек, «Илим», 1995.
5. Кыргыз тили (педагогикалык институттардын педагогика факультеттери үчүн). Бишкек, «Мектеп», 1982.