
Истамбекова Джидеш Ногайбаевна (1923),
медициналык илимдердин доктору (1973), профессор (1974)
Кыргызстанда. Ысык-Көл облусунун Шапак айылында туулган.
КГМИни (1946) аяктаган. КГМАда иштейт. Терапия боюнча адис.
Кыргыз ССРинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
80ден ашык илимий эмгектери, анын ичинде 1 монография, 1 окуу китеби жарыяланган.
Анын жетекчилиги астында 4 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Тоолуу шарттарда хроникалык пневмония. Ленинград, «Медицина», 1979.
2. Пульмонологиянын актуалдуу маселелери. Бишкек, 1990.
3. Гипертониялык оорулары. Бишкек, 1968.