
Ишекеев Назаркул (1955),
педагогика иликтөөсүнүн доктору (1995), профессор (1996).
Кыргыз. Нарын облусунун Кочкор районундагы Торт-Куль айылында төрөлгөн.
КГУнун (1976) бүтүргөн, ошол жерде аспирантурада (1980) окуган.
Мектепте мугалим, гезитте кабарчы, окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессордун милдетин аткаруучу, декан болуп иштеген, 1997-жылдан тарта - КГНУда профессор жана кафедранын башчысы. Кыргыз адабиятын окутуу методикасы боюнча адис.
Ч. Айтматовдун Эл аралык коомдук академиясынын академиги.
Ж.Баласагын атындагы сыйлыктын лауреаты. 150дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 1 монография, 4 окуу китеби жарыяланган.
Анын жетекчилиги астында 3 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Жалпы билим берүү орто мектептерде эпикалык чыгармаларды окутуунун методикасы. Фрунзе, 1988.
2. Мектептерде кыргыз адабиятын окутуунун тарыхынан. Бишкек, 1991.
3. Кыргыз адабиятын мектептерде окутуунун тарыхы. Бишкек, Эркин-Тоо, 1994.
4. Кыргыз адабияты: VI класс үчүн окуу куралы (авторлош). Бишкек, 1999.
5. Кыргыз адабияты: XI класс үчүн окуу куралы (авторлош). Бишкек, 2000.