
Калинина Наталья Михайловна (1948),
техникалык илимдердин доктору (1999), КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1998)
Орус. Украина ССРинин Донецк шаарында төрөлгөн. Москвадагы Жер казынасы институтун (1975) аяктаган.
Мурманск атайын башкармалыгынын «Союзвзрывпром» трестинде устат болуп иштеген (Кондопога шаары, Карелия), инженер, улук инженер «Союзвзрывпром» трестинде (Фрунзе шаары), ОНИЛ ФПИ, ИФиМГПда илимий кызматкер, лабораториянын жетекчиси, 2000-жылдан бери - КРСУнун профессору.
Жарылуу иши, детонация теориясы, синергетика тармагында адис.
50дөн ашык илимий эмгектери жарыяланган, анын ичинде 1 монография, 8 ойлоп табуу, 2 патент.
Негизги эмгектери:
1. Пенополистиролдун газификация процессин сокку-толкун жүктөөсү учурунда изилдөө натыйжалары (авторлордун биригүүсүндө). Ж. От жана жарылуу физикасы, №6, Новосибирск, 1992.
2. Пенополистиролдун негизиндеги төмөн тыгыздыктагы жана өтө төмөн тыгыздыктагы жарылуучу аралашмалар. Детонация механизми (авторлордун биригүүсүндө). Бишкек, «Илим», 1998.
3. Синергетика - табигый-техникалык жана гуманитардык илимдердин бириктирүүчү факторы. КРСУнун дүйнөлүк маданият институтунун эмгектери, Бишкек-Лейпциг, «Илим», 2000.
4. Төмөн тыгыздыктагы жарылуучу аралашмалардын детонация мүмкүнчүлүгү менен детонация толкуну структурасынын байланышы (авторлордун биригүүсүндө). КРСУнун вестниги, №1, 2001.
5. Төмөн тыгыздыктагы жарылуучу аралашмалардын детонация толкунунда фракталдык структуралар жана эволюциялык спираль. V Россиянын туруктуу иштеген илимий семинарынын материалдары «Табиятта жана коомдо туруктуу бүтүндүктөрдүн өзүн-өзү уюштуруу» ИОМ СО РАМ, Томск, 2001.