
Каракеев Туйту Джусупович (1938-1988),
философия боюнча доктор (1979), профессор (1986)
Кыргыз. Чүй облусунун Чүй районундагы Кошкоргон айылында төрөлгөн.
КГУнун (1960) жана Кыргыз ССРинин ИФиП аспирантурасын аяктаган.
Социалдык философиянын адиси. Кыргызстандын КПнын БКсынын жана Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин Ардак Грамоталары менен сыйланган.
100дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 5 монографиясы жарыяланган.
Анын жетекчилиги астында 13 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Социалдык өнүгүүнүн диалектикасынын семантикалык аспекттери: Цивилизация жана анын коомдук аң-сезимдеги чагылдыруусу. Фрунзе, «Илим», 1978.
2. Советтик коомдун руханий потенциалынын өнүгүүсүнүн диалектикасы. Фрунзе, «Илим», 1984.
3. Социалисттик жашоо образы жана жеке адамдын руханий өнүгүшү (автордук биргелешүүдө). Фрунзе, «Илим», 1988.