
Круглов Анатолий Николаевич (1891 - 1979)
медициналык илимдердин доктуру, профессор
Орус. Вологодская губерниянын Николаев уездинин Кусково айылында туулган.
Томск университетинин медициналык факультетин (1916) аяктаган.
Хирургиялык госпиталда врач болуп иштеген, Кубан университетинин хирургиялык клиникасында ассистент, Ленинград шаарындагы врачтарды квалификациясын жогорулатуу мамлекеттик институтунда доцент, Симферополь онкология институтунун директору, КГМИнин факультеттик хирургия кафедрасынын башчысы (1945-1967) болуп иштеген.
Хирургия жана онкология тармагында адис. Эмгектин Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
Кыргыз ССРинин эмгектеги илимдеринин ардактуу ишмери (1961). Крым АССРинин ардактуу доктури. 70тен ашык илимий эмгектери жарыяланган.
Анын жетекчилиги астында 2 докторлук жана 16 кандидаттык диссертация корголгон.