
Кудаяров Дуйше Кудаярович
(1939),медициналык илимдердин доктору (1981), профессор (1984), НАН КР академиги (2000), илим жана техника тармагында КРнын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1992).
Кыргыз. Ош облусунун Карасуй районунда туулган. КГМИни (1962) аяктаган.
Кичи, улук илимий кызматкер, бөлүмдүн жетекчиси, илим боюнча директордун орун басары, 1992-жылдан тарта - КНИИАиПтин директору болуп иштеген. Педиатрия тармагында адис. Элдердин Достугу ордени, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы, СССР медалдары, Кембридж университетинин (Улуу Британия) Эл аралык биографиялык коомунун күмүш медалы жана Ардак Грамотасы «XX кылымдын мыкты адистери» (1998) менен сыйланган.
КРнын эмгек сиңирген илимпозу (1995). 220дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 9 монография, 30 окуу куралы жана методикалык сунуштар, 4 ойлоп табуу жарыяланган.
Анын жетекчилиги астында 4 докторлук жана 25 кандидаттык диссертация коргоп алынган.
Негизги эмгектери:
1. Жаңы төрөлгөн балдардын канынын физиологиялык өзгөчөлүктөрү. Фрунзе, 1983.
2. Балдарда кортикостероиддик терапияны индивидуалдаштыруу принциптери. Фрунзе, 1986.
3. Балдарда СОЭнин патофизиологиялык механизмдери жана анын клиникалык түшүндүрмөсү. Фрунзе, 1989.
4. Адам организмине адаптациялык мүмкүнчүлүктөрдү гематологиялык баалоо. Бишкек, 1993.
5. Жаңы төрөлгөн балдардагы ички жүктөм инфекциялары (окуучу пособие). Бишкек, 1995.