
Мухаммед Ху Чженьхуа (1931),
тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги (1999)
Хуэйзу (дунганин). Кытай Эл Республикасындагы Шашдун провинциясынын Шищдао шаарында туулган.
Шандущ университетин орус тилинде (1951), Нанжищ чыгыш тилдери институтун араб тилинде (1953), Пекин борбордук улуттук институтун уйгур тилинде (1955), Пекин ЦНИнин лингвистика боюнча аспирантурасын (1957), ошол эле жерде түркология боюнча аспирантурасын (1959) аяктаган.
Кытай-түрк тилдерин изилдөө боюнча орун басар төрага, профессор, докторантуранын жетекчиси, 1998-жылдан тартып - Пекин шаарындагы Ислам коомунун орун басар төрагасы, Пекин мамлекеттик университетинин улуттук азчылыктар факультетинин профессору болуп иштеген.
Кыргыздардын тарыхы боюнча адис. «Манас» III даражадагы орден менен сыйланган (2002).
200дөн ашык илимий эмгектери жарыяланган, анын ичинде «Манас» эпосунун бардык эпизоддорун кытай тилине которгон (5 китеп).
Негизги эмгектери:
1. Кыргыз тилинде очерктер (кытай тилинде). Пекин, 1985.
2. Кыргыз тилин окуу китеби. Пекин, 1995.
3. A. Kirgiz Reader (англис тилинде). 1997, Indiana Unty, АКШ.
4. Кытайча-кыргызча кыскача сездук. Кызыл-Суу, Артыш.
5. «Манас» котормосу (япон тилинде. “Манас” бөлүгү).
6. Кытайдагы дунгане (кытай тилинде).
7. The Fu-Yu Girgis (биргелешип жазылган). Ху Чженьхуа, Мухаммед.