
Левитин Леонид Исидорович (1931),
юридикалык илимдердин доктору (1990), профессор (1991)
Еврей. Минск шаарында төрөлгөн.
Ташкент юридикалык институтун (1952) аяктаган.
Адвокат, прокурордун жардамчысы (Пржевальск шаарында), Ош облусунун прокурору, окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор, КГУнун кафедрасынын башчысы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп иштеген.
Эмгек, айыл чарба укугу боюнча адис.
70тен ашык илимий эмгектери, анын ичинде 2 монографиясы жарык көргөн.