Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Малабаев Мурзабек Малабаевич

Малабаев Мурзабек Малабаевич

Малабаев Мурзабек Малабаевич

Малабаев Мурзабек Малабаевич (1928),


тарых иликтөөлөрдүн доктору (1967), профессор (1970)

Кыргыз. Чалал-Абад облусунун Сузак районундагы Чапкынчы айылында төрөлгөн.

Киргоспединститутту (1950) аяктаган.

Киргоспединститутунда мугалим, доцент, профессор, кафедра башчысы, ректор болуп иштеген.

Кыргызстандын өнөр жайын өнүктүрүү тармагында адис.

СССРдин медалдары менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген илим ишмери (1993). 100дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 6 монографиясы жарык көргөн.

Анын жетекчилиги менен 10 кандидаттык диссертация корголгон.

Негизги эмгектери:

1. Кыргызстандагы партиялык уюмдун биринчи беш жылдыкта өнөр жайды өнүктүрүү үчүн күрөшү. Фрунзе, «Кыргызстан», 1965.
2. Кыргызстандагы партиялык уюмдун экинчи беш жылдыкта өнөр жайды өнүктүрүү үчүн күрөшү. Фрунзе, «Кыргызстан», 1966.
3. Кыргызстандагы партиялык уюмдун реконструкциялык мезгилдеги өнөр жайды өнүктүрүү үчүн күрөшү. Фрунзе, «Кыргызстан», 1967.
4. Кыргызстандагы компартиянын төртүнчү беш жылдыкта айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн күрөшү. Фрунзе, «Кыргызстан», 1970.
5. Кыргызстандагы компартиянын 1938-1941-жылдардагы өнөр жайды өнүктүрүү үчүн күрөшү. Фрунзе, «Кыргызстан», 1971.
21-08-2018, 18:45
Вернуться назад