Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Маматов Сагынали Мурзаевич

Маматов Сагынали Мурзаевич

Маматов Сагынали Мурзаевич

Маматов Сагынали Мурзаевич (1966),


медицина илик доктору (2001)

Кыргыз. Ош облусунун Узген районундагы Мирза-Аки айылында төрөлгөн.

КГМИни (1989) аяктап, ошол жерде аспирантураны (1994) бүтүргөн.

КГМАда кафедра ассистенти, улук илимий кызматкер болуп иштеген, 1998-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Гематология боюнча илимий борборунун илимий жана дарылоо иштеринин орун басары.

Гематология тармагында адис. 50дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 1 монография, 4 методикалык сунуштар жарыяланган.

Негизги эмгектери:

1. Functional Features of Hematopoiesis in patients with aplastic anemia during high-altitude climate therapy (авторлоштуруп). Archives of Iranian Medicine, 1999. - 2 (3). - б. 143-149.
2. Апластикалык анемиясы бар бейтаптардын гематологиялык көрсөткүчтөрүн изилдөөнүн жыйынтыктары (авторлоштуруп). Гематол. жана трансфузиол., 1999(3). б. 64-68.
3. Идиопатикалык тромбоцитопеникалык пурпураны дарылоонун келечектери (авторлоштуруп). Илими жана жаңы технологиялар, 1999 (3). б. 92-96.
4. Кан түзүүдө депрессиясы бар бейтаптарды тоо климатында дарылоонун натыйжалуулугу (авторлоштуруп). Борбордук Азия медициналык журналы, 1999, том 5, №6, б. 322-327.
5. Нормалдуу жана патологиялык гемопоэздеги апоптоз. Бишкек, 1999.
22-08-2018, 16:57
Вернуться назад