
Маткаримов Сулейман Хайтбаевич (1936),
техникалык илимдердин доктору (1991), профессор (1997), НАН КРдин корреспондент-мүчөсү (1992)
Узбек. Ош шаарында төрөлгөн.
Фрунзе курулуш техникумун (1958), Ташкент политехникалык институтун (1965), Ростов-на-Дону шаарындагы аспирантураны (1979) аяктаган.
Автобазада механик, автотрестте старший инженер, Баткен, Карасу, Ош шаарындагы жүк ташуучу автобазалардын начальниги, автотресттин башкы инженери, Ош шаарындагы жүк ташуучу автобаза №4түн начальниги, Ош ФПИда илимий кызматкер, КИПР ЮКУНЦ АН Кыргыз ССР институтунда иштеген, 1997-жылдан тартып ОшТУда профессор.
Композициялык материалдардын химиясы жана технологиясы боюнча адис.
ИА КР, МИА академиги.
СССР медалы менен сыйланган.
50дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 3 монография жана Англия менен АКШнын патенттери жарыяланган. Анын жетекчилиги астында 1 докторлук жана 8 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. РТНдин майдаланган калдыктарын резина композицияларында колдонуу мүмкүнчүлүгү (авторлоштук менен). Узб.хим.журнап, 1986, №2.
2. RТН калдыктары негизинде композиттерди конструирлөө. Киргиз курулуш-технология институтунун жыйынтыктары. Фрунзе, 1988.
3. Экинчи даражадагы композициялык полимердик материалдарды колдонуу. Уз.НИИТИ, Ташкент, 1990.
4. Амортизаторлуу шинадарды ийкемдүү-деформациялык ыкма менен майдалоонун айрым өзгөчөлүктөрү жана мыйзамдылыктары (авторлоштук менен). Эластомерлерди өндүрүү жана колдонуу. Москва. 1990.