
Михайленко Николай Терентьевич (1925),
юридикалык илимдердин доктору (1976), профессор (1979)
Орус. Семипалатинск облусунда төрөлгөн. КГУнун юридикалык факультетин аяктаган.
Ст. инспектор, КРдин Маданият министрлигинин ОКсынын башчысы, КГУнун ОКсынын башчысы, КРдин Билим министрлигинин (Министрлер кабинетинин) бөлүмүнүн башчысы, директордун орун басары, НАН КРдин философия жана укук институтунун бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген, 1999-жылдан тартып И.Арабаев атындагы КГПУнун кафедрасынын башчысы.
Эмгек укугу боюнча адис.
Улуу Ата Мекендик согуштун (4) ордендери, СССРдин (13) медалдары, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Грамотасы менен сыйланган.
КРдин эмгеги сиңген юристи (2001). 320дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 11 монография жана 3 окуу китеби жарыяланган.
Анын жетекчилиги астында 3 докторлук жана 22 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Советтик эмгек укугунун негиздери (жогорку квалификациядагы жетекчилер жана инженердик-техникалык кызматкерлер үчүн окуу китеби). Фрунзе, «Мектеп», 1968.
2. СССРдеги эмгек дисциплинасын камсыз кылуу маселелери. Фрунзе, «Мектеп», 1972.
3. КРдин укуктануусу. 1, 2-бөлүк. Бишкек, 1997.
4. Босотулган кызматкерлердин жумуш менен камсыз болушун камсыз кылуу. Бишкек, 1998.
5. Мамлекеттик аппараттын кызматкери. Бишкек, 2001.