Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Молдобаев Имель Бакиевич

Молдобаев Имель Бакиевич

Молдобаев Имель Бакиевич

Молдобаев Имель Бакиевич (1942),


тарых илимдер боюнча доктор (1994), профессор (1997), Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2000)

Кыргыз. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Пржевальск шаарында туулган. КГУнун (1972) бүтүрүүчүсү.

ДЭУда механик, техник, «Дортранспроект» долбоорлоо институтунда инженер, мектепте мугалим, жаш, улук, жетекчи илимий кызматкер, НАН КРнын этнография бөлүмүнүн жетекчиси, археология жана этнография бөлүмүнүн жетекчиси, 2001-жылдан тартып АУКда окутуучу-совместитель болуп иштеген.

Кыргыз фольклорун тарыхый-этнографиялык изилдөө боюнча адис. К.Тыныстановдун атындагы сыйлыктын лауреаты (2000).

180ден ашык илимий эмгектери, анын ичинде 4 монографиясы жарык көргөн.

Анын жетекчилиги менен 1 кандидаттык диссертация корголгон.

Негизги эмгектери:

1. «Жаныш жана Байыш» эпосу тарыхый-этнографиялык булак катары. Фрунзе, «Илим», 1983.
2. «Манас» эпосунда кыргыздардын этникалык байланыштарынын чагылдырылышы. Фрунзе, «Илим», 1985.
3. «Манас» эпосу кыргыз элдин руханий маданиятын изилдөө булагы катары. Фрунзе, «Илим», 1989.
4. «Манас» - кыргыздардын тарыхый- маданий эстелиги. Бишкек, «Кыргызстан», 1995.
3-09-2018, 19:18
Вернуться назад