
Муксинов Равиль Мунирович (1952),
архитектура доктору (1996), профессор (1997)
Татар. Россиянын Ленинград шаарында төрөлгөн.
ФПИни (1974) аяктап, Ленинград инженердик курулуш институтунун аспирантурасын (1980), Москва шаарындагы архитектура жана шаар куруу теориясы боюнча НИИнин докторантурасын (1995) аяктаган.
Архитектор, улук окутуучу, ФПИ кафедрасынын башчысы, БФЭАнын проректору болуп иштеген, 1998-жылдан тартып КРСУ кафедрасынын башчысы жана деканы.
Архитектуранын теориясы жана тарыхы боюнча адис.
Чыгыш өлкөлөрүнүн архитектурасынын эл аралык академиясынын корреспондент-мүчөсү (2001).
Россия Федерациясынын медалы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамота менен сыйланган.
100дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 6 монографиясы жарыяланган.
Анын жетекчилиги астында 2 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Жаңы айыл архитектурасы. Фрунзе, «Кыргызстан», 1980.
2. Кыргызстандын айыл архитектурасы. Фрунзе, «Адабият», 1989.
3. Кыргызстандын элдик зодчулугу (айылдык жашоо). Бишкек, КСХИ, 1995.
4. Кыргызстандын культтук курулуштарынын архитектурасы. Бишкек-Лейпциг, «Илим», 2000.
5. Кыргызстандын элдик архитектурасы. Бишкек, «Абсолют», 2000.