Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Мурзалиев Арстанбек Мурзалиевич

Мурзалиев Арстанбек Мурзалиевич

Мурзалиев Арстанбек Мурзалиевич

Мурзалиев Арстанбек Мурзалиевич (1931),


медициналык илимдердин доктору (1967), профессор (1968), Кыргыз ССРинин академиги (1984)

Кыргыз. Чүй облусунун Кант районундагы Иссык-Ата айылында төрөлгөн.

КГМИни (1962) аяктаган, ошол жерде клиникалык ординатураны (1964) бүтүргөн.

Ассистент, доцент, профессор, нерв оорулары кафедрасынын башчысы, нейрохирургия курсу, илим боюнча проректор, КГМИнин ректору болуп иштеген.

Невропатология тармагында адис. Кыргыз Республикасында “Дацк” медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Кыргыз Республикасындагы эмгек сиңирген врач.

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген илимпозу (1970). Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты.

210дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 6 монография, 15 окуу китеби жана окуу куралы жарык көргөн.

Анын жетекчилиги астында 3 докторлук жана 15 кандидаттык диссертация коргогон.

Негизги эмгектери:

1. Мозгунун чоң жарым шарларындагы глиомалардагы спинномозговая суюктук жана анын диагностикалык мааниси. Фрунзе, «Кыргызстан», 1969.
2. Сирингомиелия (авторлошуп). Фрунзе, «Кыргызстан», 1976.
3. Мозгунун тамыр оорулары клиникасында радионуклиддик изилдөө ыкмалары (авторлошуп). Фрунзе, «Кыргызстан», 1982.
4. Невропатология боюнча клиникалык лекциялар. Бишкек, 2001.
5. Мозгунун кан айлануу бузулууларынын доинсульттук формаларын диагностикалоо жана дарылоо. Мет. рек. (авторлошуп). Бишкек, 2001.
7-09-2018, 12:44
Вернуться назад