Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Мусаев Акылбек Инаятович

Мусаев Акылбек Инаятович

Мусаев Акылбек Инаятович

Мусаев Акылбек Инаятович (1959),


медициналык илимдердин доктору (2000)

Кыргыз. Фрунзе шаарында туулган.

КГМИни (1982) жана Ростов шаарындагы Достук орденинин медициналык институтунун аспирантурасын (1989) аяктаган.

Фрунзе шаарындагы ГКБ №1,2де хирург болуп иштеген, 1989-жылдан тартып Бишкек шаарындагы ГКБ №1дин хирургия бөлүмүнүн башчысы.

Хирургия тармагында адис. 60тан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 1 монография, 2 ойлоп табуу жана 7 рационалдык сунуштары жарыяланган.

Негизги эмгектери:

1. Эхинококэктомиядан кийин фиброздук капсуланын боштугун жоюу ыкмаларын жакшыртуу. Бишкек, 1999.
2. Эхинококкозго кабылган бадамча капсуланын боштугун жоюу ыкмалары. Бишкек, 1999.
3. Эхинококкоз менен жабыркаган бадамчанын гемодинамика көрсөткүчтөрү. //Эксперименталдык жана клиникалык медицинадагы көйгөйлөр жана келечек. Илимий эмгектер жыйнагы. Бишкек, 1999. 218-222-бет.
4. Көптөгөн жана бириккен эхинококкоз менен жабыркаган бейтаптарды операциялык дарылоонун өзгөчөлүктөрү. Илимий эмгектер жыйнагы. Бишкек, 2000.
5. Эхинококкозго кабылган бадамча капсуланын боштугун жоюуда перицистэктомия. Илимий эмгектер жыйнагы. Бишкек, 2000.
8-09-2018, 10:52
Вернуться назад