
Муслимов Аннас Поясович (1936),
техникалык илимдердин доктору (1989), профессор (1990)
Узбек. Фрунзе шаарында төрөлгөн.
Ленинград политехникалык институтун (1960) жана Москва станкоинструменталдык институтунун аспирантурасын (1966) аяктаган.
Заводдо башкы инженер-конструктор, доцент, кафедра башчысы, 1990-жылдан тартып - КТУда профессор болуп иштеген. Машина куруу жана прибор куруу тармагында автоматташтыруу боюнча адис.
ИА КР академиги (1996).
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. 180ден ашык илимий эмгектери, анын ичинде 3 монография, 18 ойлоп табуу жана патенттери жарыяланган.
Анын жетекчилиги астында 2 докторлук жана 11 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Теоретикалык негиздер жана радиалдык массалар борборунун смещениясын контролдоо методдору. Москва, Оборонгиз, 1996.
2. Теӊдештүү дефекттерди автоматтык контролдоо прибору. Москва, ВОТ, серия 12, чыгарылыш 9, 1998.
3. Станоктордун гидравликалык опорлорундагы зазорду жөнгө салуу динамикалык системасы. Бишкек, Автоматташтыруу жана башкаруу маселелери НАН КР, "Илим" басмаканасы, 1999.
4. Regebund гидростатикалык элементтер машиналардын тактыгын жогорулатат. Maschinenrnard Das Industrie Magazin № 36, 1999, Гамбург.
5. Гидростатикалык таянычтардын адаптивдик башкаруу системасы. Simens Technik Report №4, 1999, Берлин.