Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Никишов Петр Петрович

Никишов Петр Петрович

Никишов Петр Петрович

Никишов Петр Петрович (1917),


тарых илиялардын доктуру (1973)

Орус. Ставрополь крайында төрөлгөн.

Ростов-на-Дону мамлекеттик университетин (1940), СССР Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Жогорку дипломатия мектебин (1943) аяктаган.

СССР Тышкы иштер министрлигинде, Кыргыз ССР Тышкы иштер министрлигинде, Кыргызстандын КП БКсында, Кыргызстандын КП БКсынын алдындагы партиянын ИИсында иштеген.

СССРдин тышкы саясаты жана эл аралык мамилелер боюнча адис. СССРдин медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун Грамоталары менен сыйланган.

100дөн ашык илимий эмгектери жарыяланган, анын ичинде 4 монография.

Анын жетекчилиги астында 2 кандидаттык диссертация корголгон.

Негизги эмгектери:

1. Кыргызстандын түштүгүндөгү басмачылыкка каршы күрөш. Фрунзе, «Кыргосиздат», 1957.
2. Түркестандын сол эсерлеринин кулашынын тарыхынан. Фрунзе, 1985.
3. Кыргызстандын Советтеринин бийлигин бекемдөө үчүн большевиктердин күрөшү. Фрунзе, «Кыргызстан», 1976.
14-09-2018, 14:39
Вернуться назад