
Ниязалиев Шайлообай Мамасалиевич (1938),
философия боюнча доктор (1990), профессор (1992)
Кыргыз. Беш-Таш айылында, Токтогул районунда, Жалал-Абад облусунда туулган.
КГУнун (1965) жана ЛГУнун (Ленинград, 1968) аспирантурасын аяктаган.
Окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор, ФПИ кафедрасынын башчысы болуп иштеген, учурда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору.
Онтология жана таанып-билүү теориясы боюнча адис.
Кыргыз Республикасынын медалы менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген билим берүү кызматкери (2000). 60тан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 2 монография жана 2 окуу куралы жарыяланган.
Анын жетекчилиги астында 7 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Улуттук психологиянын жеке адамды калыптандыруудагы жана өнүктүрүүдөгү орду. Фрунзе, «Кыргызстан», 1986.
2. Кыргызстандын социализм жолу менен өнүгүшү. Фрунзе, 1989.
3. Философия. Окуу куралы. Жалал-Абад, 2001.
4. Философия боюнча терминологиялык сөздүк. Окуу куралы. Жалал-Абад, 2001.