
Нурунбетов Балтагул Аттокурович (1947),
тарых иликтууларынын доктору (2000), профессор (2000)
Кыргыз. Ош облусунун Узген районундагы Кызыл-Сенир айылында туулган.
ОГПИни (1972) жана КПССтин Борбордук Комитетинин жанындагы сырттан окуу ВПШны (1978) аяктаган.
Эмгек жолун жумушчу, ЮКОС чарбасынын клубунун жетекчиси, мектеп мугалими, шаардык партия комитетинин инструктору, облустук партия комитетинин инструктору, Ош технологиялык техникумдун директору, облустук профтехбилим башкармалыгынын начальниги, облустук партия комитетинин секторунун жетекчиси, облустук аткаруу комитетинин бөлүмүнүн жетекчиси, облустук билим берүү башкармалыгынын начальниги, облустук администрациянын орун басары, облустук билим берүү жана маданият башкармалыгынын начальниги, 1999-жылдан тарта Кара-Суй райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген.
Тарых тармагында адис.
Кыргыз Республикасына эмгеги сиңген мугалим (1994). 40тан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 2 монография, 8 окуу-методикалык пособие, 11 брошюра жарыяланган.
Негизги эмгектери:
1. Кыргызстандын жумушчу классынын маданий-техникалык деңгээлин жана эмгек активдүүлүгүн жогорулатуу. Ош, 1989.
2. «Манас», «Семетей», «Сейтек» (метод, мугалимдер үчүн пособие). Ош, 1996.
3. «Ош-ЗООО - кылым юбилейи» концепциясынын илимий негиздемеси. Бишкек, 1997.
4. Элдик педагогика жана адептуулук. Ош, 1998.
5. Кыргызстандын өнөр жай жумушчулары. Абалы жана көйгөйлөрү. Бишкек, 2000.