
Ожукеева Токонай (1954),
тарых илимдеринин доктору (1991), профессор (1995)
Кыргызстанда. Нарын облусунун Жаны-Арык айылында төрөлгөн.
КГУнун тарых факультетин (1975) жана МГУнун аспирантурасын (Москва, 1980) аяктаган.
Окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор, КГНУнун кафедрасынын жетекчиси болуп иштеген, 1996-жылдан тартып - КР Президентинин Администрациясында мамлекеттик кызматкерлер бөлүмүнүн референти.
Ортолук Азия өлкөлөрүндөгү саясий илимдер жана саясий процесстер боюнча адис.
100дөн ашык илимий эмгектерди, анын ичинде 20 монография, 7 окуу китебин жарыялаган.
Негизги эмгектери:
1. XX кылым: Кыргызстанда улуттук мамлекеттүүлүктүн калыбына келиши. Бишкек, «Илим», 1993.
2. Саясий илимдердин негиздери. Окуу куралы. Бишкек, 1995.
3. Саясат таануу боюнча терминдер жана түшүнүктөрдүн кыска сөздүгү (авторлоштукта). Бишкек, «Илим», 1995.
4. Ортолук Азия өлкөлөрүндөгү саясий процесстер. Күчтөрдү бөлүштүрүүнүн принциптери. Кн. I, Бишкек, 1996; Кн. II, 1996.
5. XXI кылым: Кыргыз Республикасындагы президенттик институт. 1-бөлүк. Бишкек, «Илим», 1998.