
Озмитель Евгений Кузьмич (1926-1994),
филология илигинин доктору (1972), профессор
Алматы шаарында, Казак ССРде туулган. КГУнун (1952) бүтүргөн, ошол жерде аспирантураны (1957) аяктаган.
Талас облусунун УОСунда ст. техник болуп, мугалим, кафедра башчысы, КГУнун профессору, Фрунзе шаарындагы орус тили жана адабиятынын Педагогикалык институтунун (ПИРЯЛ) кафедра башчысы жана илимий иштер боюнча проректор болуп иштеген.
Орус жана кыргыз адабияты, адабият теориясы боюнча адис.
Улуу Ата Мекендик согуш жана СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1979).
400дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде бир нече монографиялар жана окуу китептери жарыяланган.
Негизги эмгектери:
1. Советтик сатира. Москва, «Просвещение», 1964.
2. Октябрь революциясынын сатирасы. Фрунзе, «Мектеп», 1966.
3. Азыркы заман - изилдөөлөрдүн, жаңычылдык, чеберчиликтин булагы: Бүгүнкү күндүн адабиятынан алынган тажрыйба. Фрунзе, «Кыргызстан», 1977.
4. Классикалык мурас жана кыргыз адабияты. Фрунзе, «Кыргызстан», 1980.
5. Улуттук поэзиянын жаңыланган мазмуну. Фрунзе, «Кыргызстан», 1984.