Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Орусбаев Абдыкадыр

Орусбаев Абдыкадыр

Орусбаев Абдыкадыр

Орусбаев Абдыкадыр (1937),


филология илимынын доктору (1992), профессор (1993)

Кыргыз. Фрунзе облусунун Чүй районундагы Калиновка айылында төрөлгөн.

Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтун (1962) жана СССРдин Аалымдар академиясынын Тил илимдери институтунун аспирантурасын (1970) аяктаган.

Мектеп мугалими, лаборант, жаш илимий кызматкер, лабораториянын жетекчиси, Кыргыз ССРинин ИЯЛинин директорунун орун басары, ПИРЯЛдын илим боюнча проректору, 1994-жылдан тартып КРСУнун деканы болуп иштеген. Социолингвистика, орус жана кыргыз тилдери боюнча адис.

Эл аралык информатизация академиясынын академиги (1996).

СССР медалдары, А.С. Пушкин атындагы Эл аралык алтын медаль менен сыйланган. Кыргызстандын эмгек сиңирген илим ишмери (2000).

150дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 8 монография, 3 окуу китеби жана окуу куралы жарык көргөн.

Анын жетекчилиги астында 3 кандидаттык диссертация корголгон.

Негизги эмгектери:

1. Кыргызстандагы тилдик жашоо. Фрунзе, «Илим», 1990.
2. Орус тили Советтер Союзунун улуттук республикаларында (авторлоштук менен). Москва, «Наука», 1981.
3. Тилдик процесстер (авторлоштук менен). Фрунзе, «Илим», 1987.
4. Социолингвистика (Автордук окуу программасы). Бишкек, КРСУ, 1997.
5. Die Heldentaten in den Epen “Der Manas”, “Das Nibelungenlied” und in deren fur die ethische Erzieung der Jgend. Mittelasien und Europa im Kulturaustausch. Бишкек-Лейпциг, 2000.
21-09-2018, 19:19
Вернуться назад