
Осмонкулов Аскар (1926),
педагогика илимдеринин доктору (1995), профессор (1992)
Кыргыз. Чон-Арык айылында, Москва районунда туулган.
Киргоспединститутту (1947) аяктаган.
Мугалим, мектеп директору, районо башчысы, Ош облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы, «Мектеп» басмасында директор, «Эл агартуу» журналынын башкы редактору, доцент, кафедра башчысы, КГНУда профессордун милдетин аткаруучу, 1996-жылдан тарта - доцент, профессор, ИППКК КГНУнун кафедра башчысы болуп иштеген. Кыргыз тилин окутуу методикасы боюнча адис.
СССР медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Грамотасы менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын элдик билим берүү тармагында эмгеги сиңген кызматкер.
190дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 8 монография жана 4 окуу китеби жарыяланган.
Анын жетекчилиги астында 2 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Туулган тил (автордук). III жана II класстар үчүн окуу китеби. Фрунзе, «Мектеп», 1958, 1962.
2. Мектептерде фонетиканы окутуунун методикасы. Фрунзе, 1967.
3. Кыргыз тилинин морфологиялык сездүгү (авторлош). Фрунзе, 1978.
4. Русско-киргизский гнездовой словарь (автордук). Фрунзе, 1979.
5. Э.Арабаев - керемет окумуштуу жана агартуучу. Бишкек, 1999.