
Оторбаев Каип (1922),
география боюнча илимдердин доктору (1971), профессор, Кыргыз ССРдин академиги
Кыргыз. Чүй облусунун Кемин районунун Тегерменти айылында төрөлгөн.
Киргоспединститутту (1950) жана СССРдин АН география институтунун аспирантурасын (1954) аяктаган.
ИЭ АНнын бөлүм башчысы, директору, Кыргыз ССРдин АН Президиумунун башкы илимий катчысы, Республикалык Госплан ИЭнин директору, КГУнун ректору жана НАН КРдин Президиуму алдындагы КЕПСтин төрагасы болуп иштеген.
Экономикалык жана социалдык география, өндүрүш күчтөрүн жайгаштыруу боюнча адис.
Улуу Ата Мекендик согуштун, Эмгектин Кызыл Туу ордендери, СССРдин медалдары менен сыйланган.
300дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 40тан ашык монография, 8 окуу китеби жана окуу куралы жарыяланган.
Анын жетекчилиги астында 4 доктордук жана 10 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Кыргыз ССРдин Джалал-Абад облусу. Фрунзе, 1957.
2. Кыргыз ССРдин өндүрүш күчтөрүн өнүктүрүү жана жайгаштыруу маселелери (авторлоштук менен), 6 томдон турган монографиялар сериясы, 1965-1976жж.
3. Кыргызстан (авторлоштук менен). Москва, 1970.
4. Өндүрүш күчтөрүн жайгаштыруу жана аймактык өндүрүш комплекстерин түзүү маселелери. Фрунзе, 1974.
5. Региондун экономикасынын социалдык инфраструктурасы (авторлоштук менен). Фрунзе, 1984.