Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Пищугин Федор Васильевич

Пищугин Федор Васильевич

Пищугин Федор Васильевич

Пищугин Федор Васильевич (1942),


химия боюнча илимдердин доктуру, профессор (1996), НАН КРнын корреспондент-мүчөсү (2000)

Орус. Фрунзе шаарында төрөлгөн.

КГУнун химия факультетин (1967) жана Кыргыз ССРинин ИОХ аспирантурасын аяктаган.

Жаш илим кызматкери, улук илим кызматкери, башкы илим кызматкери, ИОХ лабораториясынын жетекчиси, 1994-жылдан тартып - НАН КРнын ИХиХТ лабораториясынын жетекчиси болуп иштеген. Физикалык химия жана табигый бирикмелер химиясы боюнча адис.

СССР медалы менен сыйланган.

110дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 2 монография, 12 автордук күбөлүк жана патент, 3 окуу-методикалык пособие жарыяланган.

Анын жетекчилиги астында 3 кандидаттык диссертация корголгон.

Негизги эмгектери:

1. N-гликозиддердин түзүлүшү жана реакциялык жөндөмдүүлүгү (авторлоштук менен). Фрунзе, «Илим», 1990.
2. Целлюлоза түзүлүшү жана реакциялык жөндөмдүүлүгү (авторлоштук менен). Фрунзе, «Илим», 1990.
3. Модель системасында трансаминирлөө жолу менен 1,6-дифосфат фруктозаминин синтези (авторлоштук менен). «Биохимия», 1988, №9.
4. Myoinositol гексанитратка экинчи аминдердин таасири. Диалкил аммоний кроконаттарынын пайда болушу (авторлоштук менен). Ter. Letters, 1990, № 13.
5. Гекса-о-нитрат миоинозиттин аминдердин таасири астында өзгөрүшү (авторлоштук менен). Изв. РАН, химия сериясы, 1996, №12, б. 2964-2967.
30-09-2018, 13:08
Вернуться назад