
Попов Сергей Македонович (1905-1980),
техникалык илимдердин доктору, профессор, Кыргыз ССРинин академиги
Луганск шаарында (Украина) төрөлгөн.
МГУнун (Москва, 1937) бүтүргөн, ошол жерде аспирантурада окуган.
Луганск локомотив курулуш заводунда лаборант, МГУда лаборант, ассистент, доцент, СССРдин АН механика институтунда лабораториянын жетекчиси, профессор, Бүткүл Союздук текстиль жана жеңил өнөр жай институтунун кафедрасынын жетекчиси, Кыргыз ССРинин АН ИФиМГПсынын директору болуп иштеген.
Калкып кетүү жана пластикалык теориясы боюнча адис.
«Почет белгиси» ордени, «Полярная звезда» МНР, СССРдин медалдары менен сыйланган.