Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Резвой Дмитрий Петрович

Резвой Дмитрий Петрович

Резвой Дмитрий Петрович

Резвой Дмитрий Петрович (1912-1993),


геология-минералогия илигинин доктору

Орус. Санкт-Петербург шаарында туулган, РФ.

Ленинграддагы тоо институтун (1935) жана МГРИнин аспирантурасын (1943) аяктаган.

Тажик-Памир экспедициясында, Кыргыз геология башкармалыгында геологиялык партиянын жетекчиси болуп иштеген, Львов университетинин кафедра башчысы. Жалпы жана регионалдык геология боюнча адис.

«Почет белгиси» ордени, СССРдин медалдары, УССРдин Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Украинада илимдин ардактуу ишмери. 200дөн ашык илимий эмгектери жарыяланган.

Анын жетекчилиги астында кандидаттык диссертациялар коргогон.

Негизги эмгектери:

1. Туркестано-Алай тоо системасынын чыгыш бөлүгүнүн тектоникасы. Львов, 1959.
2. Тектоника жана терең жарыктардагы магнитизм маселеси. 1т.: 1973; 2 т.: 1974; 3т.: 1975.
3. Туркестано-Алай тоо системасынын структуралык-формациялык картасы. «Киргизгеология» ПОсуна буйрутма боюнча даярдалган, 1973-1977-жылдар.
4. Түштүк Тянь-Шандагы концентрдик структуралар. Москва, 1988.
2-10-2018, 12:27
Вернуться назад