
Садыков Тургунбай (1935),
скульптор, коомдук ишмер, НАН КРдин академиги (1993), илим жана техника боюнча КРнын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2001)
Кыргыз. Ош облусунун Баткен районундагы Говсувар айылында төрөлгөн.
Фрунзе көркөм өнөр окуу жайын (1960), Москва жогорку көркөм-промышленный окуу жайын (1964) аяктаган.
Киргиз ССРинин сүрөтчүлөр союзунун башкармалыгынын төрагасы (1967-1988), бир убакта СССР сүрөтчүлөр союзунун башкармалыгынын катчысы, Киргиз ССРинин маданият фонду башкармалыгынын төрагасы, Жогорку көркөм колледжинин ректори, 1995-жылдан тартып КРнын Көркөм академиясынын президенти болуп иштеген.
Россиянын көркөм академиясынын академиги (1987).
Скульптордун эмгектери РФ, ТМД өлкөлөрүнүн, Европа, Азия, Америкадагы ири музейлерге сатып алынган, ошондой эле Люксембург, Чикаго, Москва облусунун шаардык чөйрөсүндө орнотулган.
Ленин ордени, Ардак белгиси, Казакстан Республикасынын «Парасат» ордени (1995), СССРдин көркөм академиясынын алтын медалдары
(1979), Греков атындагы (1981) жана СССРдин ВДНХ медалы, Казакстан Республикасынын 10 жылдыгы медалы (2002) менен сыйланган. Социалисттик эмгектин баатыры (1990).
Кыргыз Республикасынын баатыры (1997). Кыргызстан Ленин комсомолунун сыйлыгынын лауреаты (1967), Ленин сыйлыгы (1980), Токтогул атындагы сыйлык (1981).
СССРдин эл артисти (1986) жана КР. Эл аралык «Түрк дүйнөсүнө кызмат» (Түркия, 1999), «Даанышман», «Мээрим» (2001) сыйлыктарынын лауреаты.