
Саипов Ворошил (1937),
агрардык илимдердин доктоору (1999)
Кыргыз. Ош шаарында туулган.
КСХИни (1962) жана Ташкенттеги Бүткүл Союздук пахта илимдери институтунун аспирантурасын (1969) аяктаган, Москвадагы Тимирязев айыл чарба академиясынын АПК ВШсын (1985) бүтүргөн.
Кырг. ССРдин пахта өстүрүү боюнча тажрыйба станциясынын бөлүм башчысы, улук илимий кызматкер, КНИИ жер иштетүү боюнча бөлүм башчысы, Кыргызстандын айыл чарба боюнча НПОнун орун басары, 1998-жылдан тартып - илим башкармалыгынын башчысы жана КААнын профессору болуп иштеген.
Агроэкологиялык мелиорация боюнча адис.
«Почет белгиси» ордени (1976), Кырг. ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы (1985), СССР жана КР медалдары менен сыйланган.
КРдин айыл чарба тармагында эмгеги сиңген кызматкер. 180ден ашык илимий эмгектери, анын ичинде 10 монографиясы жарыяланган.
Анын жетекчилиги астында 3 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Өсүмдүк өстүрүүнүн комплексдүү механизациясынын келечектеги технологиялары (авторлордун биргелештигинде). (Кырг. ССРдин 16-2 подзонасы). Фрунзе, КР АПК, 1988.
2. Кыргызстан жерлеринин пайдалануу картасы. М 1:500000. Ташкент, СССР ГУГК, 1993.
3. Табигый-мелиоративдик райондоштуруу тоо аймагында. Илимий эмгектер жыйнагы, чыгарылыш 2. Бишкек, КАА, 1999. б.256-262.
4. Табигый-мелиоративдик балансын болжолдоо маселелери тоо аймагынын аэрация зонасында. Бишкек, “Илим жана жаңы технологиялар”, №4, 2000. б. 19-21.
5. Тоолуу аймактарды сугаруу. Кыргызстандын тоолору китебинде. Бишкек, 2001.