
Соломович Леонид Исаакович (1939),
геология-минералогия илигында доктор (1998)
Еврей. Украина ССРинин Запорожская облусундагы Бердянск шаарында төрөлгөн.
Иркутск политехникалык институтун (1962) жана Кыргыз ССРинин ИГ АН аспирантурасын (1968) аяктаган.
Заводдо фрезеровщик, Якутск совнархозунун Индигирск геологиялык башкармалыгында геологиялык изилдөө боюнча кенчи, инженер-геолог, Киргизгипросельстрой институтунда башкы инженер-геолог, ИГ АН Кыргыз ССРинде м.н.с., с.н.с., ФПИде старший окутуучу, доцент, 1996-жылдан тарта - КГ-МИде профессор болуп иштеген.
Жалпы жана регионалдык геология боюнча адис.
60тан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 2 монографиясы жарыяланган.
Негизги эмгектери:
1. Түштүк Тянь-Шандын чыгыш бөлүгүндөгү граниттер (автордук биргелешүүдө). Фрунзе, «Илим», 1973.
2. Ортолук Азиядагы магматизмдин эволюциясы (автордук биргелешүүдө). Москва, «Наука», 1987.
3. Geodynamic, geochemical types and ore-bearing of the late paleozoic granitoids in Kirghizia (Tien- Shan). //Granites and geodynamics. Москва, 1991, б. 101-104.
4. Tien-Shan аймагындагы рапакеви граниттери, алкали таштары жана карбонатиттердин ассоциациясы (автордук биргелешүүдө). //International Geol. rev. 1991. V. 5. б. 191-202.
5. Түштүк Тянь-Шандын чыгыш бөлүгүндөгү кеч палеозой гранитоиддеринин рубидий-стронций изотопиясы (автордук биргелешүүдө). //«Кыргыз Республикасынын минералдык ресурстарын өнүктүрүү жана пайдалануу боюнча келечектери» жыйнагында. Бишкек, КГ-МИ, 1995.