
Сухомлинов Георгий Акимович (1906-1975),
физика-математика илигинин кандидаты, профессор (1966)
Орус. Фрунзе шаарында төрөлгөн.
Москва мамлекеттик университетин (Москва, 1933) аяктаган.
Курск облусундагы сахар заводунун китепканасын жетектеп, Обоянь айылындагы комсомолдун волостук комитетинин катчысы, мугалим, декан, КГУнун кафедрасынын жетекчиси, ФПИ (КТУ) ректору болуп иштеген.
Улуу Ата Мекендик согуштун, Эмгектин Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. Бишкек шаарында анын атына көчө берилген.
200дөн ашык илимий эмгектери жарыяланган.
Анын жетекчилиги астында докторлук жана кандидаттык диссертациялар корголгон.