
Тайиров Миталип Муратович (1954),
физика-математика или доктору (2001)
Кыргыз. Ош облусунун Кадамжай районунун Кароол айылында туулган.
Ош мамлекеттик педагогикалык институтун (1975), Эстония ССРинин Физика институтунун аспирантурасын (Тарту, 1982), ошол жерде докторантурасын (1992) аяктаган.
Мектепте мугалим, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда улук лаборант, Эстония ССРинин Физика институтунда стажер-изилдөөчү, окутуучу, улук окутуучу, доцент, илимий кызматкер, Ош мамлекеттик университетинин факультет башчысы, 1997-жылдан тартып Ош мамлекеттик университетинин Кызыл-Кий филиалынын директору болуп иштеген.
Катуу дененин физикасы боюнча адис.
80ден ашык илимий эмгектери, анын ичинде 1 монографиясы жарык көргөн.
Негизги эмгектери:
1. КВгде френкелдик кемчиликтерде электрондук козголоңдордун люминесценциясы жана распады. //Матер. II Респ. конференциясы катуу дененин физикасы боюнча. Ош, 1990. б. 65-76.
2. Бивакансинин тегерегиндеги экситондордун распады учурунда кемчиликтердин пайда болушу (авторлоштукта). //Тезистер доклад. Бүткүл союздук конференция. Москва, 1991.
3. KCl-Liде төмөн температурадагы люминесценция жана френкелдик кемчиликтердин пайда болушу (авторлоштукта). //Ош мамлекеттик университетинин илимий эмгектери, 1995. б. 72-78.
4. Аниондук жана катиондук гомологдук аралашмалары бар ЩГКдагы электрондук козголоңдордун распаддарынын өзгөчөлүктөрү (авторлоштукта). //Тезистер доклад. IX Эл аралык конференция радиациялык физика жана химия боюнча. Томск, 1996.
5. Щелочных металлдардын фториддериндеги электрондук козголоңдордун радиациялык жана радиациясыз распады (авторлоштукта). Бишкек, ТУ «Дастан», 1997.