Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Тилекеев Асан Тилекеевич

Тилекеев Асан Тилекеевич

Тилекеев Асан Тилекеевич

Тилекеев Асан Тилекеевич (1930-1991),


тарых иликтөөлөрдүн доктору (1986), профессор (1988)

Кыргыз. Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто-Арык айылында туулган.

Киргоспединститутту (1951) жана Ленинград мамлекеттик университетинин аспирантурасын (1964) аяктаган.

Мектеп директору, ОГПИде доцент, КЖПИде доцент, проректор, ФПИде доцент, ИИ КПССте улук илимий кызматкер, КГИФКда кафедра башчысы, КГНУда профессор болуп иштеген. КПСС тарыхы боюнча адис.

СССР медалдары менен сыйланган.

40тан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 3 монографиясы жарыяланган.

Анын жетекчилиги астында докторлук жана кандидаттык диссертациялар корголгон.

Негизги эмгектери:

1. Кыргызстандын партиялык уюмунун айыл чарбасын өнүктүрүүдөгү ролу. Фрунзе, «Кыргызстан», 1974.
2. Кыргызстандын Коммунисттик уюмунун айыл чарбасын квалификациялуу кадрлар менен бекемдөө боюнча ишмердүүлүгү. Фрунзе, «Кыргызстан», 1980.
3. КПССтин агрардык саясатынын иш жүзүндө жүзөгө ашырылышы. Фрунзе, «Кыргызстан», 1983.
10-11-2018, 15:58
Вернуться назад