
Токомбаев Аалы (1904-1988),
Элдик акын, коомдук ишмер, Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын академиги, социалисттик эмгектин баатыры
Кыргыз. Чүй облусунун Кемин районундагы Чон-Кайынды айылында туулган.
Ташкенттеги САГУну аяктаган.
«Кызыл Кыргызстан» газетасынын редактору, Москвадагы Борбордук басмакананын кыргыз секциясында, Киргосиздателдин башкы редактору, Жазуучулар союзунун төрагасы, «Советтик Кыргызстан» газетасынын редактору, Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын тили, адабияты жана тарыхы институтунун директору, «Чалкан» журналынын редактору болуп иштеген.
Ленин ордени (2), Эмгектин Кызыл Туу ордени (3), Ардак Белги жана СССРдин медалдары менен сыйланган.
Анын чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган.