Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Тухватшин Рустам Романович

Тухватшин Рустам Романович

Тухватшин Рустам Романович

Тухватшин Рустам Романович (1951),


медициналык илимдердин доктуру (1996), профессор (1999)

Татар. Казак ССРинин Чимкент облусундагы Ленгер шаарында туулган.

КГМИни (1975) аяктаган.

Ленгер шаардык Пионерлер үйүндөгү туристтик кружоктун жетекчиси, шаардык оорукананын интерн-доктору, м.н.с., с.н.с., бөлүм башчысы, КГМАнын ЦНИЛинин жетекчиси, 2000-жылдан тартып КГМАнын патофизиология кафедрасынын жетекчиси болуп иштеген. Патофизиология тармагында адис.

200дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 5 монография, 7 ойлоп табуу, 10 методикалык колдонмо жарыяланган.

Анын жетекчилиги астында 10 кандидаттык диссертация корголгон.

Негизги эмгектери:

1. Эндокриндик системанын абалын баалоо үчүн гормоналдык изилдөөлөрдү колдонуу (мет. рек., авторлук). Бишкек, 1999.
2. Лазердик терапиянын жаңы аспекттери (авторлук). Бишкек, 2000.
3. Гипоксия (авторлук). Москва, 2000.
4. Экологиялык начар шарттарда аялдардын репродуктивдик функциясы жана перинаталдык жоготуулар (авторлук). Бишкек, 2001.
5. Immunologic Changes in Patients with Allergic Rhinitis Attending Sorption and Electric Sorption and Electric-Wave Therapy. Folia Otorinolaringologiae et Pathologiae (авторлук). N1-2, 1998, б. 32-35.
21-11-2018, 17:58
Вернуться назад