
Бекбоев Аскарбек Абдыкадырович (1956),
философия илимынын доктору (2002)
Кыргыз. Иссык-Куль облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында төрөлгөн.
КГУнун (1978) жана ИФиП АН Кыргыз ССРинин аспирантурасын (1986), ошол эле жерде докторантурасын (1993) аяктаган.
Кыргыз ССРинин ГКТРинин тышкы кабарчысы, м.н.с., н.с., с.н.с., илимий катчы, ИФиП АН Кыргыз ССРинин бөлүм башчысы, БГУнун илимий иштер боюнча проректору, окуу иштер боюнча проректору, 2002-жылдан тартып НАН КР ИФиПинин бөлүм башчысы, И.Арабаев атындагы КГПУнун кафедра башчысы болуп иштеген.
Онтология, таануу теориясы, философия тарыхы боюнча адис.
Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча Лениндик комсомол сыйлыгынын лауреаты (1989).
100дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 7 монографиясы жарык көргөн.
Анын жетекчилиги менен 2 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Антикалык жана чыгыш ойчулдарынын муктаждык жана кездешүү концепциялары. Фрунзе, «Илим», 1989.
2. Акылнаамэ: мезгил жана мейкиндик. Бишкек, «Илим», 1994.
3. Метафилософия. Бишкек, «Илим», 2001.
4. Чыгыш перипатетизми. Бишкек, «Илим», 2001.
5. Муктандык жана кездешүү категориялары: тарыхый-философиялык анализ. Бишкек, «Илим», 2002.