Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Уразгильдеев Роберт Хасанович

Уразгильдеев Роберт Хасанович

Уразгильдеев Роберт Хасанович

Уразгильдеев Роберт Хасанович (1935),


өнөр таануу доктору (1995), профессор (1992)

Татар. Перми шаарында төрөлгөн.

Молотов атындагы хореография училищесин (Пермь, 1955), А.В. Луначарский атындагы мамлекеттик театр искусствы институтун (Москва, 1962), Кыргыз ССР Илимдер академиясынын аспирантурасын (1970) бүтүргөн.

Пермь опера жана балет театрынын балет артисти, балеттин башкы солисти, педагог-репетитор, Кыргыз опера жана балет театрынын балетмейстери, доцент, 1986-жылдан тартып - илимий иштер боюнча проректор, 1992-жылдан тартып - Б.Бейшеналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик искусств институтунун профессору болуп иштеген.

Театр таануу жана балет таануу боюнча адис.

Кыргызстан коомдук илимдер академиясынын академиги (1992).

СССР медалы менен сыйланган (1985).

Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1992).

120дан ашык илимий эмгектери жарыяланган, анын ичинде 10 монография, 4 окуу китеби жана окуу куралдары.

Негизги эмгектери:

1. Кыргыз балети. Фрунзе, «Кыргызстан», 1983.
2. Кыргыз элдик бийи. Москва, «Искусство», 1986.
3. Бибисара Бейшеналиева (замандаштарынын эскерүүлөрү). Фрунзе, «Кыргызстан», 1987.
4. Чолпонбек Башарбаев. Бишкек, «Кыргызстан», 1999.
5. Калый Молдобасанов. Бишкек, «Технология», 1999.
1-12-2018, 14:33
Вернуться назад