
Усубакунов Мамыт Усубакунович (1930),
химия илигинин доктору (1983), профессор (1985), Кыргыз ССРнин корреспондент мүчөсү (1984), Кыргыз ССРнин илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1982)
Кыргыз. Чүй облусунун Сокулук районунун Саз айылында туулган.
КГУн аяктаган (1952).
Кичи, улук илимий кызматкер, ИНФХ лабораториясынын жетекчиси болуп иштеген, 1990-жылдан тартып - КР НАНнын ИХиХТ лабораториясынын жетекчиси.
Түстүү металлургия технологиясы боюнча адис.
СССР медалы, КР Жогорку Кеңешинин Ардак Грамоталары менен сыйланган.
Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген ойлоп табуучусу. КРнын эмгек сиңирген илим ишмери (1995).
110дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 3 монография, 11 автордук күбөлүк жарыяланган.
Анын жетекчилиги астында 1 докторлук жана 9 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Ион алмашуу методунун колдонулушу, өзгөчө таза сурьма жана анын кошулмаларын өндүрүүдө (автордук биргелешип). Фрунзе, «Илим», 1984.
2. Сурьманын винная кислотасы менен кошулмалары жана алардын өндүрүшү (автордук биргелешип). Фрунзе, «Илим», 1991.
3. Метан меркарбиди (автордук биргелешип). Фрунзе, «Илим», 1991.
4. Калдыксыз экологиялык таза сурьма кекасын, мышьяк сульфидин, натрий сульфатын экинчи чийки заттардан жана комбинаттын калдыктарынан алуу боюнча технология (автордук биргелешип). Бишкек, Илими жана жаңы технологиялар, №1, 1997. б. 88.
5. Кумтор жана Сарылах концентраттарынан төртхлористый углероддун буулары менен хлорланган калдыктардан күмүш алуу. НАН КРнын маалыматы. Бишкек, «Илим», №3-4, 2000. б. 87.