
Хандуев Цырен Цыбекжапович (1918),
ветеринардык илимдердин доктоору (1963), профессор (1966), Кыргыз ССРинин корреспондент-мүчөсү (1984), Кыргыз Республикасында илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты
Бурят. Бурятиянын Джидин районунда туулган.
Советтик Армиянын Аскердик ветеринардык академиясын (1948) аяктаган.
Лабораториянын жетекчиси, директордун орун басары, 1989-жылдан тартып - КРнын НАН ИБФ боюнча кеңешчи болуп иштеген.
Ткань культуралары жана вирусология боюнча адис.
Улуу Ата Мекендик согуштун (2), Кызыл Жылдыздын (2), Ардак Белгисинин (2), СССРдин ВДНХсынын ордендери, СССР жана КР медалдары (19) менен сыйланган.
КРнын НАНинин ардактуу академиги (1994).
130дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 6 монография, 8 ойлоп табуу жана 4 патент жарыяланган.
Анын жетекчилиги астында 6 докторлук жана 17 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Ткань культуралары жана алардын ветеринардык вирусологиядагы колдонулушу. Фрунзе, КРнын АНинин Изв., 1974.
2. Уйларды көбөйтүүнү жакшыртуу резервдери (авторлордун биргелештигинде). Фрунзе, КРнын АНинин Изв., 1982.
3. Ветеринардык препараттар (авторлордун биргелештигинде). Бишкек, КРнын НАНи, 1991.
4. Ветеринардык препараттар боюнча справочник (авторлордун биргелештигинде). Бишкек, КРнын НАНи, 1991.
5. Орф вирусунун биологиясы жана биотехнологиясы (авторлордун биргелештигинде). Бишкек, КРнын НАНи, 1993.