
Цыкунов Александр Михайлович (1946),
техникалык илимдердин доктору (1987), профессор (1989)
Орус. Башкортостан АССРинин Ишимбай шаарында туулган.
ФПИни (1969) аяктаган.
ФПИнин автоматташтыруу жана телемеханика кафедрасында улук окутуучу, доцент, профессор болуп иштеген, КР НАН ИАнын директору.
Автоматташтырылган системаларды башкаруу тармагында адис.
90дан ашык илимий эмгектерди, анын ичинде 4 монография, 14 ойлоп табууларды жарыялаган.
Негизги эмгектери:
1. Адаптивдүү системалар теориясында абсолюттук туруктуулуктун квадраттык критерийи. Фрунзе, «Илим», 1990.
2. Буроо процессин башкаруунун адаптивдүү системалары (авторлоштукта). Бишкек, 1992.