
Шаршеналиев Асанбек Шаршеналиевич (1940),
юридикалык илимдердин доктору (1999)
Кыргыз. Нарын облусунун Кочкор айылында төрөлгөн.
КГУнун бүтүрүүчүсү.
Киргиз ССР ИФиПинин илимий катчысы, КГУнун доценту, Киргиз ССР мамлекеттик арбитри, Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын башкы прокурору болуп иштеген.
Криминалистика, кылмыш укугу жана кылмыш-аткаруу укугу боюнча адис.
Киргиз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, СССР жана Кыргызстандын медалдары менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи. I класстагы мамлекеттик юстиция кеңешчиси - генерал-полковник.
60тан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 4 монография, 1 окуу китеби жарык көргөн.
Анын жетекчилиги астында 1 докторлук жана 5 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Уурчулар үчүн бардык лазейкаларды жабуу. Фрунзе, «Кыргызстан», 1973.
2. Кооперативдик менчикти коргоо чаралары. Фрунзе, «Илим», 1974.
3. Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы. Бишкек, «Учкун», 1997.
4. Нарыкка өтүү шартында экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүүнүн көйгөйлөрү. Бишкек, «Учкун», 1998.
5. Кыргыз Республикасынын кылмыш укугу. Окуу китеби (өзгөчө бөлүгү, 4-басылышы). Бишкек, 2000.