
Шаршеналиев Жаныбек (1940),
техникалык илимдердин доктору (1984), профессор (1987), НАН КР академиги, илим жана техника боюнча КРнын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2002)
Кыргыз. Талас облусунун Арал айылында төрөлгөн.
Саратов политехникалык институтун (1966) жана МЭИнин аспирантурасын (1971) аяктаган.
ФПИ кафедрасынын жетекчиси, ВНИИКАМСтын директору, Кирг. ССРдин билим берүү министри, АНнын академик-секретарынын милдетин аткаруучу жана НАН КР ИАнын директору болуп иштеген, 2000-жылдан тартып ОшТУнун ректору.
Техникалык кибернетика жана автоматташтыруу боюнча адис.
Нью-Йорк илимдер академиясынын активдүү мүчөсү.
СССР жана КРнын Ардак грамоталары жана медалдары, «Дацк» медалы менен сыйланган.
КРнын эмгек сиңирген илим ишмери. 200дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 8 монография, 10 ойлоп табуусу жарыяланган.
Анын жетекчилиги астында 3 докторлук жана 10дон ашык кандидаттык диссертациялар корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Чектелген “энергия” менен динамикалык процесстерди баалоо жана таануу үчүн спектралдык квазиоптималдуу методдор (авторлоштукта). Фрунзе, «Илим», 1982.
2. Башкаруу системаларын талдоо, синтездөө жана идентификациялоо үчүн спектралдык методдор (авторлоштукта). Фрунзе, «Илим», 1986.
3. Кичине параметрлер менен системаларды декомпозициялоо жана оптималдаштыруу (авторлоштукта). Фрунзе, «Илим», 1989.
4. Белгиленген сапат көрсөткүчтөрү менен башкаруу системаларын синтездөө (авторлоштукта). Бишкек, «Илим», 1992.
5. Ар түрдүү темптеги кыймылдар менен динамикалык системаларды башкаруу методдору (авторлоштукта). Бишкек, «Илим», 1993.