
Шварцман Юрий Григорьевич (1938),
геология-минералогия илигинин доктору (1992)
Еврей. Киев шаарында төрөлгөн.
Киев мамлекеттик университетин (1960) аяктаган.
Геофизик, геофизикалык партиялар жана экспедициялардын башкы инженери, Кыргызстан геология башкармалыгынын геофизика бөлүмүнүн начальниги, ИС НАН КРнын тажрыйба-методикалык сейсмикалык экспедициясынын начальниги болуп иштеген. Жалпы жана регионалдык геология боюнча адис.
СССРдин медалы менен сыйланган.
70тен ашык илимий эмгектери, анын ичинде 2 монографиясы жарыяланган.
Негизги эмгектери:
1. Геотермалдык режим, литосферанын динамикасы жана Тянь-Шандагы геотермалдык энергияны пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү. Китепте: Орто Азия жана Казахстандагы геотермалдык изилдөөлөр. Москва, «Наука», 1985.
2. Тянь-Шандагы сейсмоактивдүү катмардагы геотермалдык режим. Китепте: Тянь-Шандын сейсмикалык активдүүлүгү. Фрунзе, «Илим», 1989.
3. Жердин жылуулук энергетикасы. Китепте: Тянь-Шандын заманбап геодинамикасы. Москва, «Наука», 1992.
4. Tянь-Шандын литосферасы (автордук биргелешип). Москва, «Наука», 1986.
5. Жылуулук талаасы, сейсмикалык активдүүлүк жана Тянь-Шандын геодинамикасы. Китепте: Сейсмикалык жана асейсмикалык зоналардагы геотермия. Москва, «Наука», 1993.